БУУда Белгород менен Донецктеги террордук чабуулдар талкууланды

Автор

22-январда БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Украина боюнча Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны болду. Ага Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты.
Россиянын БУУдагы миссиясы 30-декабрда Белгороддун турак-жай секторун аткылоодон бир нече күн өткөндөн кийин, январдын башында Украина темасы боюнча кезексиз жыйын өткөрүү планын жарыялады.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя соккулар чех ракеталары менен жасалганын белгиледи.
21-январда Донецктеги базарга сокку урулду. Акыркы маалыматтарга караганда, 27 жай тургун набыт болуп, 30 адам жарадар болгон. Сергей Лавров аткылоо үчүн жоопкерчилик негизинен Киевдин батыш кураторлорунун абийиринде экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда 1-орунду ээледи

Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Азия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш 19-21-январь күндөрү БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын мүчөлөрү Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов биринчи орунду камсыздашкан. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке […]

Сизге жагышы мүмкүн