ӨМҮРГӨ
Кандай кымбат, өмүр, сенин базарың,
Эңсегенди бербей, алып мазаны,
Бир ирмемде урап калып миң кыял,
Канча жылдык болот анын азабы.
Өмүр, өмүр! Кээде тозок өтмөгү.
Кээде укмуш кубулжуган көктөмү.
Таалайын таап, а кээ бири жоготуп,
Кимдер сени алкап, каргап өтпөдү.
МЕНДЕГИ МЕЗГИЛ
Жазасын тартып көктөбөй калган көп ырдын,
Арасат жолдо көкүрөк турат жанчылып.
Четтетип аста адашкан да бир тагдырды,
Иретин бузбай узады, ана, ай жылып.
Шамалдай ыкчам. Мынчалык неге күн учат?
Ачылбайт окшойт купуя дүйнө түйүндүү.
Миң түрдүү гүлдөй тилектер эми миң кучак,
Ишке ашпай калды. Убакыт тартыш. Күбүлдү.
Ээ кылбай такыр жыл кетип жатат жүгүрүп,
Эскиртип баарын, адамдын өзүн ал тургай.
Калчаган тирлик кыялды турат бүлдүрүп,
Опаасыз дүйнө түбөлүк колдо калчудай.
АЯЛУУ БИР КҮН
Кезинде тилектердин баарын жайып,
Жүзүбүз сүйүнүчкө батпай жанып,
Бапырап күткөн ушул күндү бүгүн,
Узаттым да бир ирет жолго салып.
Жыл бою ушул күндүн илебине
Жылынып, азык алам гүл өңүмө.
Ал учур кайтпайт. Билип турсам деле
Таң берем үзүлбөгөн күдөрүмө.
Жүрөгүм ачык бүгүн сырдашууга.
Аялуум, баары сенин урматыңа.
А бирок, конокторго айткан жокмун,
Дасторкон жайылганын кыйбасыма.
СЕНСИЗ ЭЛЕ ЖАШАП КЕЛЕ ЖАТАМЫН
Канча жылдар коюнунда капанын,
Күтүп, эңсеп, дегдеп сени жашадым.
Тирүүлүккө көп акаарат келтирип,
Келчү деле эмес эле жашагым…
Боройлогон махабаттын азабын,
Тартуу экен эң күчтүүсү жазанын,
Бүттү баары, «өлдүм» дегем ошондо…
Сенсиз эле жашап келе жатамын.
Өз нугуна салып жашоо мыйзамы,
Мезгил-дары эс-учумду жыйнады.
Мени сүйгөн жандын туусун көтөрүп,
Суктандырып жашап калдым кыйланы.
Бирок, билбейм качан мени куткарат,
Көөдөнүмдө турган бир дарт тытмалап.
Кучагыңа кулап түшкүм келгенде,
Тозок болот, тозок болот уктамак.