UFC уюмунун мурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Газа тилкесиндеги ооруканага жасалган ракеталык чабуулду геноцид деп атады.
«Балдарга жана жана башпаанек издеген адамдарга толгон оорукананы бомбалоо бул тынчтыкка карай жол эмес. Бул геноцид» – деп жазды мушкер социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Газа тилкесиндеги ооруканага кол салууда 500дөй адам каза болуп, 300 адам жабыркаган. Жеринде куткаруу иштери дагы эле уланууда.