Британ бийлиги Гүлнара Каримованын Лондондогу сарайын жана эки батирин алды

Автор

Гүлнара Каримованын Улуу Британиядагы үч мүлкү  Лондондун престиждүү Белгравиа районундагы эки батир жана Суррейдеги хан сарай конфискацияланды.
Мүлктүн жалпы баасы болжол менен 20 миллион фунт стерлингди түзөт. Тиешелүү башкармалык бул мүлк Гүлнара Каримованын үй-бүлөсүнүн Өзбекстандагы коррупциялык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражатка сатылып алынган деп эсептейт.
Улуу Британиянын алдамчылык менен күрөшүү бюросу 2018-жылдын октябрында  Каримованын Британиядагы активдерин, анын ичинде сөз болуп жаткан үч мүлктү камакка алуу боюнча сотко кайрылган. 8-августта Улуу Британиянын Жогорку Соту бул дооматты канааттандырды.
Эске салсак, 2020-жылдын март айында Өзбекстандын Жогорку соту маркум президент Ислам Каримовдун кызын арам акчаны адалдоо жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылдан ашык абакка кескен.  Ал Ташкенттин жанындагы аялдар колониясында жазасын өтөп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-августтагы маалыматына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди. Боршайком өткөн аптанын аягынан тартып тиешелүү документтериринин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом төлөгөндөрдү каттай баштаган. Кайра шайлоого арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн