Улуу Британия Украинага 309 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу Улуу Британия өкмөтүнүн веб-сайтында жарыяланды.
“Улуу Британия Украинадагы гуманитардык, энергетикалык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн 242 миллион фунтка же 309 миллион долларга чейин каржылоо пакетин берет”,-деп айтылат билдирүүдө.
Жардам жөнүндө Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак 13-15-июнда Италияда өтө турган G7 саммитинде жарыялайт.