Британиянын премьер-министри Путинге жооп берди: Россия Украинадагы согушту баштаган жана токтото алат

Автор

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Россиянын президенти Владимир Путиндин Батыштын ракеталык соккуларын Россияга карата олуттуу эскалация катары карай турганы жөнүндө айткандарына комментарий берди.
«Бул конфликтти Россия баштаган. Россия мыйзамсыз түрдө Украинага басып кирген. Россия бул конфликтти дароо токтото алат. Украина өзүн коргоого укуктуу. Биз, албетте, Украинанын өзүн коргоо укугун толугу менен колдойбуз. Окутуу мүмкүнчүлүктөрүн берип жатабыз. Бирок биз Россия менен жаңжалды каалабайбыз, максатыбызда андай ниет жок»,-деди ал.
Стармер журналисттердин суроолоруна жума күнү АКШнын президенти Жо Байден менен Вашингтондо боло турган жолугушууга бара жаткан учакта жооп берди.
Жолугушууда Украинаны Россиянын агрессиясына каршы күрөштө колдоону улантуу, анын ичинде Батыш куралдары менен Россия аймагына сокку урууга чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кийимдеги сыя тактарды кантип кетирүү керек? Сунуштар

Кийимден сыя тактарын кетирүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок, кетирсе болот. Бул жерде кээ бир натыйжалуу ыкмаларды сунуш кылабыз: 1. Сүт • Булганган жерди муздак сүткө бир нече саатка чылап коюңуз же түнү менен калтырыңыз. • Андан кийин, булганган жерди муздак суу менен чайкаңыз жана кийимди адаттагыдай эле жууңуз. 2. Спирт […]

Сизге жагышы мүмкүн