Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили Бириккен Падышалыктын куралдуу күчтөрү мүмкүн болчу согушка даяр эмес экенин моюнуна алды. Анын айтымында, мурунку министрлер кабинетинин учурунда жетишсиз каржылоо армиянын мүмкүнчүлүктөрүн азайткан.
«Бириккен Падышалык, башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле аскердик операцияларды жүргүзүүгө өзгөчө даярдыкка өткөн. Бирок биз даяр болбогон нерсе – бул согуш»,-деген Хилинин сөзүн The Daily Telegraph жазган.