БРИКС – 2024: Кыргыз гимнасттары коло медалга ээ болушту

Автор

БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын спортчулары өз өнөрлөрүн көрсөтүүнү улантышууда.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей Кыргызстандын намысын спорттун 14 түрү боюнча 100дөн ашык спортчу коргоп жатат.
Жалпысынан БРИКС оюндарына 97 өлкөдөн спорттун 29 түрү боюнча 4751 спортчу катышууда.
Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр курама командасы беш алкак менен финалда коло медалга ээ болушту. Мелдешке 11 өлкөнүн спортчулары катышты.
Команданы Наталья Рентел жетектеген машыктыруучулар командасы даярдаган. Биздин спортчулар өздөрүнүн кесипкөйлүгүнүн жана өжөрлүгүнүн аркасында ушундай жогорку көрсөткүчкө жетише алышты.
Кыргыз курама командасынын курамында: Анастасия Абрамова, Самира Турсунбаева, София Мельничук, Арууке Семетеева, Белла Кудайбергенова.

Бөлүшүү:
Next Post

Коргоо министрлиги: Севастополго ATACMS ракеталары менен сокку урулду

Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги маалымдагандай, 23-июнь күнү АКШ тарабынан берилген беш ATACMS ракеталары менен Севастополго сокку урулду. Алардын төртөө атып түшүрүлдү, бешинчи ракета жарылып, жоготууларга алып келди. Россиянын Коргоо министрлиги Севастополго жасалган соккунун жоопкерчилигин, биринчи кезекте, бул куралды Украинага берген АКШга жүктөдү. Министрликтин маалыматы боюнча, Севастополго ракеталык чабуул америкалык ATACMS […]

Сизге жагышы мүмкүн