БРИКС 2024: Кыргызстандын жеңил атлетика курамасы 3-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС эл аралык спорттук оюндарында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иван Курицин, Майсал Мукумбек уулу, Мусулман Жоламанов жана Руслан Литовский аталган оюндарда 4х400 м аралыкка чуркап, 3-орунду ээлешти.
Курама команда машыктыруучулар Алмазбек Казыбеков, Фарид Усманов, Алексей Педен, Куштарбек Таштанбеков жана Анастасия Царёва жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитетинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы […]

Сизге жагышы мүмкүн