БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Казанга келип жатышат

Автор

БРИКС уюмунун саммитине катышуу үчүн Казанга өлкө лидерлери келип жатышат. Казань аэропортуна Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин учагы конду. Бүгүн баштала турган саммиттин алкагында Модинин Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрү пландалган.
Андан кийин Казанга Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафос келди. Аэропортто аны Татарстан башчысы Рустам Минниханов тосуп алды. Ал түштүк африкалык президентке Казанда жагымдуу убакыт өткөрүп, жакшы иштешин каалап, аны улуттук татар тамагы – чак-чак менен сыйлады.
1-январдан тарта Россия БРИКСке төрагалык кылууда жана көп тараптуулукту бекемдеп, адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн аракет кылып келет. Төрагалыгынын алкагында Россия 200дөн ашуун саясий, экономикалык жана коомдук иш-чараларды уюштурат. Анын эң негизгиси 22-24-октябрда Казанда өтүп жаткан саммит болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

23-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн