БРИКС саммити: Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды

Автор

Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Казандагы БРИКС саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуулар учурунда Кытай жана Бразилиянын Украина боюнча демилгеси талкууланды.
«Кытай-Бразилия демилгеси талкууланды. Ал жалпысынан колдоого алынат жана биз бул демилгени пайдалуу деп эсептейбиз»,-деди Ушаков «Известия» гезитине берген маегинде.
Ал Украина маселеси БРИКС саммитинин бардык катышуучулары менен талкууланбаганын тактады.
Май айында Кытай жана Бразилия Украинадагы жаңжалды чечүү үчүн согуштук аракеттерди токтотууну караган планды сунушташкан.
Украина бийлиги бул планды колдогон эмес. Сентябрь айында Кытай, Бразилия жана Глобалдык Түштүктүн башка өлкөлөрү жаңжалды жөнгө салуу үчүн «Тынчтык достору» платформасын түзүүнү чечишти. Ага Венгрия да кошулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мохамед Салах “Ливерпуль” клубуна шарт койду

“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохамед Салах анын шарттары аткарылса, клубда калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 32 жаштагы египеттик футболчу эгер кызылдар ага үч жылдык жаңы келишим сунуштаса, карьерасын «Ливерпулда» улантууга даяр. Тараптардын учурдагы келишими келерки жылдын жайында бүтөт. Буга чейин басма сөздө Мохамед “Ливерпульден” кетип, […]

Сизге жагышы мүмкүн