БРИКС саммитинде Путин менен Антонио Гутерриш жолугушту

Автор

Казандагы БРИКС саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул жолугушуу жабык эшик артында өттү. Гутерриш БУУнун уставына ылайык Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча өз позициясын билдирүүгө жана Кара деңиздеги коопсуздукту калыбына келтирүү аракеттерин улантууга даяр экенин айтты. Ошондой эле БУУнун реформалары талкууланды.
Жолугушуу БУУнун Күнүнө дал келди, бул уюмдун уставынын күчүнө киргенинин 76 жылдыгы болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Ак шумкарлар» ФИФА рейтингинде үч сапка көтөрүлдү

“Ак шумкарлардын” Эл аралык футбол ассоциациясындагы жаңыланган рейтингинде 103 орунга чыкты. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында жазылууда. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы буга чейинки рейтингтин чыгарылышына салыштырмалуу 3 сапка көтөрүлүп, 103-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1207 упай бар. АФК зонасында курама 17-орунда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн