БРИКС оюндарына 50дөн ашык мамлекет катышат

Автор

БРИКС-2024 оюндары ачык форматта өтөт. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Олег Матыцин билдирди.
“Ачык формат боюнча чечим кабыл алынды. Биз БРИКС өлкөлөрүн гана чакырган жокпуз. Азыр алардын саны 50дөн ашты”, – деди спорт министри.
Сыйлыктар спорттун 29 түрү боюнча ыйгарылат.
Эске сала кетсек, БРИКС оюндары Орусияда 11-июндан 24-июнга чейин өтөт. Мелдеш Казань шаарында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Фишт тоосунан сейрек көлөмдөгү көчкү түштү

Кавказ жаратылыш биосфералык коругу менен чектешкен аймакта адаттан тыш көрүнүш катталды. Сочи географиялык коомунда белгиленгендей, эң кубаттуу массанын көлөмү 1 миң куб метр болуп, кар, таш жана топурактан турат. Мындай ири кар көчкү 100 жылда бир жолу түшөт. Бул көрүнүш илимпоздордун да көңүлүн бурду. Анткени тоонун чокусунда өтө тар жерде […]

Сизге жагышы мүмкүн