БРИКС – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн биринчи тамгаларынан куралган дүйнөлүк уюмдун аты. Бул 5 өлкө дүйнөнүн эң көп өнүккөн экономикасына ээ. Мындан улам алар саясий жана экономикалык платформа уюштурушту. БРИКС уюму экономикалык өнүгүүгө багыт алып, дүйнөлүк экономикага үстөмдүк орноткусу келет. Бул уюм 2006-жылы Владимир Путиндин сунушу менен түзүлгөн. 2010-жылы Түштүк Африканын кошулуусу менен 5-мүчөгө толукталды.
БРИКСте калктын саны 3.5 млрд ашык. Экономикалык күчү 28.5 триллион долларды түзүп, дүйнөлүк каржынын 27 пайызын, дүйнөлүк нефти иштетүүнүн 44 пайызын колунда кармайт.