БРИКСтин лидерлери саммиттин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алды

Автор

Йоханнесбургда өткөн БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алынды. Документ уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Документти Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса тапшырган.
Декларацияда БУУ эл аралык системада борбордук ролду ойной турганы, бирок реформага муктаж экени жазылган.
Текстте уюм дүйнөдөгү жаңжалдарга тынчсызданып, алардын тынчтык жолу менен чечилишин жактай турганы белгиленген.
БРИКС өлкөлөрү экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү жана макроэкономикалык саясатты координациялоону жактай тургандыгы маалымдалган.
2024-жылы Россиянын төрагалыгын жана БРИКСтин Казанда саммитин өткөрүүнү толук колдошту.
БРИКС кеңейе турганы баса белгиленет. Уюмга алты жаңы өлкө – Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы чакырылат. Жаңы өлкөлөрдүн толук катышуусу 2024-жылдын 1-январында башталат.
БРИКСтин саммити Йоханнесбургда 22-24-августта өттү. Ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери катышса, Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров барды.

Бөлүшүү:
Next Post

КР бокс курама командасы Кытайда өтө турган Азия оюндарына катышат

Кытайда өтчү Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама команданын курамы белгилүү болду. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, команданын курамына 7 спортчу кирди. Алар:   – Нуржигит Дүйшөбаев-51 кг чейин; – Мунарбек Сейитбек уулу-57 кг чейин; – Асхат Култаев-63,5 кг чейин; – Нурадин Рустамбек уулу-71 кг чейин; […]

Сизге жагышы мүмкүн