Бразилия Гаитиге эл аралык миссияны чакырды

Автор

Бразилия өкмөтү эл аралык коомчулукту БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2023-жылдын октябрындагы резолюциясына ылайык Гаитиге тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүгө чакырды.
4-мартта Гаитинин борбору Порт-о-Пренсте абактан миңдеген туткун качканына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды.
3-мартта куралдуу топтор Гаитинин Порт-о-Пренстеги башкы түрмөсүнө кол салып, туткундарды бошотушкан. Эртеси өлкө бийлиги борбор калаада өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизди. 5-мартта түнү куралдуу топтор Порт-о-Пренстин чет жакаларында жайгашкан Тусен Лувертюра эл аралык аэропортун басып алууга аракет кылышты.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2023-жылдын 2-октябрында Гаитиге тынчтык орнотуучу миссияны жөнөтүү боюнча резолюцияны жактырган. Анда куралдуу топторго каршы күрөшкө катышуу жагы каралган. Документке ылайык, миссияны уюштурууда башкы роль Кенияга жүктөлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Чачыңызды бир жума жуубасаңыз эмне болот?

Чачты бир жума жуубоо баштын терисинде майдын жана тердин топтолушуна алып келиши мүмкүн. Бул төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет: 1. Какачтын пайда болушу: себумдун (майлуу секрециялар) жана өлгөн тери клеткаларынын топтолушу какачтын өнүгүшүнө түрткү берет. 2. Жытты күчөтүү: жетишсиз гигиена бактериялардын көбөйүшүнөн жана тердин топтолушунан улам чачтын жана баштын жагымсыз жытына […]

Сизге жагышы мүмкүн