Бразилиянын президенти Жеңиштин 80 жылдыгына чакырууну кабыл алды

Автор

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москвадагы салтанаттуу иш-чараларга катыша турганын тастыктады. Ал бул чакырууну Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда алган.
Президент Лула 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого Москвага чакыргандыгы үчүн Россияга ыраазычылык билдирди жана иш-чарага катышууга ниеттенерин айткан.
Бразилия тараптын демилгеси менен болгон телефондук сүйлөшүү 27-январда өткөн. Мамлекет башчылары Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты жана дүйнөдөгү учурдагы кырдаал боюнча, анын ичинде АКШнын жаңы администрациясынын бийликке келиши тууралуу пикир алмашышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте агроөнөр жай форуму өтөт

Бишкекте “Агро-Диалог-2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткандар жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү […]

You May Like