Бразилиянын президенти БРИКС саммитине барбайт

Автор

Бразилиянын президенти Лула да Силва Россияга БРИКС саммитине барбайт. Дарыгерлер 78 жаштагы президенттин баш мээсинин арткы бөлүгүнөн жаракат алганын аныкташты.
19-октябрь кечинде Лула да Силва өзүнүн резиденциясы – Алворада сарайында ваннада жыгылып, Бразилиядагы Сирио-Либанес ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер анын башына үч тигиш койгон соң, амбулатордук дарыланууга чыгарган. Ошондой эле Россияга сапарга чыкпоону сунушташкан.
Лула да Силва 20-октябрда Бразилиядан Россияга учуп барып, ал жакта 24-октябрга чейин болору айтылган.
Саясатчы БРИКС саммитине видеобайланыш аркылуу катышат. Саммит 22-24-октябрь күндөрү Казань шаарында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 21 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 20 тыйын болсо, сатуу 85 сом 70 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн