Бразилия курама командасынын лидери Неймар экинчи жолу ата болду. Сауд Арабиянын “Аль-Хилал” клубунун футболчусунун үй-бүлөсүндө кыз төрөлдү.
«Аль-Хилал» клубунун жетекчилиги Неймарды бир нече күндүк эс алуу менен камсыз кылган. Футболчу кызы төрөлгөн Бразилияга барган.
Неймардын жубайы Бруна Бианкарди кызынын төрөлгөнүн жарыялады. Кыздын аты Мави болду. Бактылуу ата кыска эс алууга чыгып, үй-бүлөсү менен жолугушуу үчүн Сауд Арабиядан учуп кеткен
Мави Неймар менен Бруна Бианкардинин биринчи баласы. Футболчунун 12 жаштагы Дэвид Лукка аттуу уулу да бар.