Бразилияда G20 саммити башталат

Автор

Эки күндүк G20 саммити 18-ноябрда Рио-де-Жанейрода башталат. Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва билдиргендей, G20 саммитине 40тан ашуун мамлекет катышат.
“Эң негизгиси, Бразилиядагы G20 саммитине 42 өлкө катышат. Жыйындын алкагында ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү маселелерин талкуулайбыз. Ошондой эле энергетикалык, глобалдык башкаруу көйгөйлөрүн карайбыз”,-деп жазды X социалдык тармагында.
Жыйынга G20 өлкөлөрүнүн лидерлери, Ангола, Боливия, Катар, Колумбия, Египет, Малайзия, Нигерия, Сингапур жана Вьетнам сыяктуу башка мамлекеттердин жетекчилери чакырылган. Россия делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектейт.
18-ноябрда Бразилия тарабынан сунушталган ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча Глобалдык альянсты расмий түрдө ишке киргизүү пландалууда. Анын максаты — азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу. Мындан тышкары, Бразилия декларацияга Украинада жана Жакынкы Чыгышта болгон жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырууну киргизүүнү көздөп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Караколдо жаңы жылдык балаты орнотулууда

Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Каракол мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатынын темир каркасын орнотуп, учурда кооздоо иштери жүрүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн