Бразилияда Пеле күнү белгиленет

Автор

Бразилиянын депутаттар палатасы (өлкө конгрессинин төмөнкү палатасы) Король Пеле күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Майрам футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пелеге арналып, 19-ноябрда өлкөнүн бардык аймагында белгилөө сунушталууда. 1969-жылы дал ушул күнү бразилиялык футболчу карьерасында миңинчи голун киргизген. Эми мыйзам долбоорунун тексти бекитүү үчүн Сенатка жөнөтүлөт.
Апрель айында Пеленин ысымы португал сөздүгүнө киргизилген. Ал «мыкты» деген сөздүн синоними катары киргизилген.
Эске салсак, Пеле өткөн жылдын 29-декабрында 82 жашында органы иштебей каза болгон. Бразилиялык футболчу дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ал “Сантостун” курамында 18 жыл ойноп, команда менен 6 жолу Бразилиянын чемпиону болгон. 1999-жылы Эл аралык Олимпиада комитети форвардды Кылымдын спортчусу деп тааныган.

Бөлүшүү:
Next Post

Туу мыйзамы күчүнө кирди

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды. Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн