Ботаникалык бактарга өзгөчө макам берилди

Автор

Улуттук илимдер академиясына караштуу “Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, мындай макам ботаникалык бактын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 127,0 га болгон жер тилкесине, Горький көчөсүндөгү аянты 20,15 га жер тилкесине жана Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү аянты 4,17 га болгон жер тилкесине берилди.
Улуттук илимдер академиясына караштуу бул жерлер мурда “калктуу конуштардын жерлери” категориясында болгон.
“Ботаникалык бак” институту 1938-жылы негизделген

Бөлүшүү:
Next Post

Лейлек райондук маданият бөлүмүндө 6,5 млн сом уурдалган

Лейлек маданият бөлүмүндө жасалма ведомосттор аркылуу 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси жасалма ведомосттор аркылуу 6 млн 523 миң 917 сом акча каражатын кымырып алгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча райондук […]

You May Like