Европа Биримдиги Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттарды колдоно баштаганын Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель билдирди. Анын айтымында, Украинага жана Евробиримдиктин өлкөлөрүнө 1,4 миллиард евро жөнөтүлгөн, алар Киевге курал жөнөтөт.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен июль айынын аягында Евробиримдик Украинаны коргоо жана калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллиард евро бөлгөнүн билдирген. Мурда Боррелль бул каражат артыкчылыктуу аскердик техниканы, абадан коргонуу жабдууларын жана артиллериялык каражатарды сатып алууга жумшала турганын айткан.