Бороон 116 адамдын өмүрүн алды

Автор

АКШнын түштүк-чыгыш бөлүгүндө болгон “Хелен” тайфуну 116 адамдын өмүрүн алды.
Түндүк Каролинада 46 адам, Түштүк Каролинада 27 адам, Джорджияда 25 адам, Флоридада 13 адам көз жумду. Түндүк Каролинада 600дөй тургун дайынсыз жоголгондордун катарында. Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШнын болжол менен 2 миллион жашоочусу жарыксыз калды.
Түндүк Каролинада сел жана жер көчкүлөрүнөн улам 300гө жакын автожол жабылган, ал эми Түштүк Каролинада 150гө жакын жол жабылган.
АКШнын президенти Жо Байден бул аптанын аягында тайфундан жабыркаган аймактарга барууну пландап жатат.
“Хелен” Саффир-Симпсон шкаласы боюнча беш баллдык системада төртүнчү категориядагы тайфун болуп эсептелет. Ал 19-сентябрда Флориданын түндүгүндөгү Биг Бенд аймагына жетти. Ошол учурда шамалдын ылдамдыгы саатына 225 чакырымга жеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең, 1-октябрда иш сапары менен Армениянын Ереван шаарына барат. Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун […]

Сизге жагышы мүмкүн