Бороон-чапкындар президенттик шайлоого таасир эттеби?

Автор

Бороондор АКШдагы шайлоо алдындагы күрөшкө олуттуу таасир тийгизген факторлордун бири болуп калды. “The Washington Post” гезитиндеги макалада белгиленгендей “Хелен” жана “Милтон” урагандары АКШга шайлоо кампаниясынын акыркы этабына туш келди. Миллиондогон адамдар шайлоого даярданып жатканда, өлкөдө саясий пикир келишпестиктерди күчөттү.
АКШ президенттигине республикачылардын талапкери Дональд Трамп Вашингтон администрациясын “Хелен” ураганынан кийинки калыбына келтирүү иштериндеги натыйжасыздыгы үчүн сындап жатканы белгиленет. Өз кезегинде, америкалык лидер Жо Байден жана вице-президент, демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис Трампты бул боюнча жалган маалымат таратты деп айыпташууда.
7-октябрда Жо Байден Флоридада “Милтон” ураганынын жакындап келе жатканына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо жөнүндө буйрукка кол койгон жана жергиликтүү бийликке федералдык жардам көрсөтүүнү тапшырган. Ал эми сентябрдын аягында түштүк штаттарга “Хелен” ураганы тийип, андан 200дөн ашуун адам каза тапкан. Анын келтирген зыяндары болжол менен 35 миллиард долларга бааланууда.
Атлантикада бороон сезону жарым жылга созулуп, июндун башынан ноябрдын аягына чейин болот. Президенттик шайлоо АКШда 5-ноябрда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайы: Жамгыр жаашы күтүлөт

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 […]

Сизге жагышы мүмкүн