Бороон океанга агызган адам куткарылды

Автор

АКШнын Жээк коопсуздук кызматы “Милтон” бороонунун айынан жээктен 48 чакырым алыстыкка муздаткычта калкып жүргөн кишини куткарганын билдирди.
Майамидеги аба базасынан учкан тик учактын экипажы бейшемби күнү Лонгбоут-Киден 30 чакырымдай алыстыкта эркек кишини куткарды. Аба кемесинин экипажы муздаткычка жабышып, куткаруучу желекченин жардамы менен аман калган кишини Тампа шаарынын ооруканасына дарыланууга алып барды.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу капитан Дейв деп таанылган. Ал дүйшөмбү күнү балык уулоо кемеси менен деңизге чыккан. Бул адам эң тажрыйбалуу деңизчилер үчүн коркунучтуу болгон шарттарда аман калды.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖЭБ кышка даяр

Жылуулук электр борбору быйыл 1 млн тонна көмүр менен камсыздалат. 450-500 мгб чейин электр энергиясы колдонулат. Быйылкы жана эмдиги жыл үчүн 1 млрд 900 млн квт электр энергиясы алынат. Анын 750 миң тоннасын мекенчил көмүрчүлөр алып келет. Мындай маалыматты энергетика министри билдирди. “250 тоннасын Казакстандан сатып алабыз. Кыргыз Көмүр 600 […]

Сизге жагышы мүмкүн