Муз бороонуна кабылган Канаданын калк жыш жайгашкан эки аймагында миллиондон ашык адам электр энергиясыз калды. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, эки адам каза болду.
Квебекте бир адам үстүнө бак кулап каза болду. Онтарио чыгышында дагы бир адам кулаган бутактан көз жумду.
Квебекте бир миллионго жакын адам, Онтариодо 110 миңдей адам электр жарыгысыз калды. Бул аймактар Канаданын жалпы калкынын жарымынан көбүн түзөт. Электр энергиясын калыбына келтирүү бир нече күнгө созулаары күтүлүүдө.