Бороондон кийин миңдеген бут кийимдер сууга акты

Автор

Пиа бороону Даниянын түндүгүндөгү жээктерде миңдеген түгөй бут кийимдерди жууп кетти. Бул бут кийимдер Maersk кемесинин бортунда ташылып бара жаткан. Жээк инспекторунун айтымында окуялар кызыктай көрүнөт. Анткени пляждарда миңдеген бут кийимдер чачылып жатат. Катуу шамалдан улам сууда калган 46 контейнердин ичиндегилерди жээктин 14 чакырымында табууга болот.
Жээкке чыккан товарлардын арасында медициналык жабдуулар, желим дөңгөлөктөр да кездешет. Даниянын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү тургундарга пляждардан табылган буюмдарды менчиктеп алууга тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. “Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн