Бороондон жабыркагандардын саны жүздөн ашты

Автор

Акыркы он жылдыктагы эң күчтүү делген «Шаньшань» тайфуну Япониянын Кюсю аралынын түндүк-чыгыш багытына жылды. Анын кесепетинен төрт адам көз жумса, 104 киши жаракат алып, экөө дайынсыз болду. Шамалдын күчү азайгандан кийин ылдамдыгы саатына 126 чакырымга жетүүдө. Бороондон авиация каттамдары катуу жабыркап, аэропорттор толугу менен жабылган.
Синоптиктердин эскертүүсүнө ылайык, «Шаньшань» катуу жаан-чачын алып келиши мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар агенттиги Кагосима префектурасынын тургундарын көчүрүүнү сунуштады. Бул чечим 56 миң адамга таасирин тийгизет.

Бөлүшүү:
Next Post

Сузак районунда битум чыгарган завод ишке кирди

Бүгүн, 30-августта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Сузак районунун Барпы айылында “ОРИС НПЗ” ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке берилди. Анын ачылышына Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана ишкананын директору […]

Сизге жагышы мүмкүн