Борбор шаардын абасын жакшыртуу боюнча долбоор талкууланды

Автор

Бүгүн, 12-декабрда Дүйнөлүк Банк сунуштаган “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу, негизги факторлорду түшүнүү жана чечүү, кызыкдар тараптардын чогулушу” долбоорунун презентациясы Хаят мейманканасында болуп өттү. Ага катышып, сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы президент климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча дүйнөлүк көйгөйлөрдү дайыма көтөрүп чыкканын белгиледи.
Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын абасынын булганышын минималдаштыруу боюнча «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте 9 калктуу конуштар газдаштырылып, 22 көмүр отканасы жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүлгөнүн, газ жабдууларын сатып алуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу борбор калаанын тургундарына 1 млрд сом өлчөмүндөгү субсидия каралганын жана электромобилдерди сатып алуу үчүн 2023-жылга карата муниципалитетке 4,5 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди. Катализаторлордун жарактуулугун катуу көзөмөлгө алып жатышкандарын айтты. Ал “Жашылдандыруу да маанилүү. Бишкекте 22 миң бак жана 110 миң тосмо бадал отургузулду. Өлкөдө Президенттин “Жашыл Мурас” демилгеси бар. 2023-жылга чейин 7 миллион бак-дарак отургузулган. Жалпы аянты 4,3 гектарды түзгөн парк аймактары реконструкцияланып, көрктөндүрүлдү»,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден ХАМАС жок кылынмайынча курал берүүнү убада кылды

АКШнын президенти Жо Байден Америка ХАМАС кыймылы толугу менен жок кылынмайынча Израилге курал-жарак берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер Ак сарайда Ханукка майрамына байланыштуу кабыл алуу учурунда билдирди. “Биз ХАМАСтан кутулмайынча аскердик колдоо көрсөтүүнү улантабыз”,-деди Байден. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн