Борбор калаанын калкы Рамиз Алиевди колдоду

Автор

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Рыспай Аматовдун “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын директору Рамиз Алиевдин ишин канааттандырарлык эмес деп баалаганы коомчулуктун сынына кабылды. “Сиз болгону бир муниципалдык ишкананы жетектейсиз, ордуңузду билиңиз. Блогердик кызматыңызды да жакшы билебиз. Шаарда абоненттик база жылбай жатат”,- деген ал. Бирок, шаардыктар “Рамиз азамат, алга”, “Рамиздей иштеген адамды көралбай жатышат”, “Рамиздин орду керек болуп калган го” деген таризде каршы пикирлерди билдиришүүдө.

“Тазалык” ишканасынын директору Рамиз Алиев калаа калкы менен түз байланыш куруп, талапка жараша иш алып барганы, мактоого арзыганы, тынымсыз аракеттенгени айрым адамдардын уйкусун буздубу?

Бөлүшүү:
Next Post

Пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында КР Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап […]

Сизге жагышы мүмкүн