Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Борбор Азия – Кытай саммитине катышат. Бул тууралуу Кытайдын расмий “Жэньминь Жибао” гезити билдирди.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин Кытайга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган.
«Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери 16-майдан 20-майга чейин Кытайда болушат»,— деп жазылган маалыматта.