Бүгүн, 23-майда Кыргызстанда «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: Санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн лидерлик» темасында Борбор Азиянын лидер айымдарынын жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга Казакстан парламентинин мажилисинин төрага орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан межлисинин илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаевалар келишти.