Отун энергетика боюнча эксперт, белгилүү коомдук ишмер Эрнест Карыбеков борборду Нарын облусунун Кочкор районуна жылдырууну сунуштады.
“Учурда Бишкек шаары гана эмес бүтүндөй Чүй облусу толуп, ташты. Миңдеген унаалар, өндүрүш заводдор жана ички миграция, айтор, Бишкек азыр жык. Анын үстүнө, борбор калаа күн сайын тарып баратат. Бийик имараттар көчөлөрүн кичирейтип, башаламандык орун алууда. Абасы да булганды”,- деген ал. Мындан улам борборду Кочкор районунун аймагына жылдырууну сунуштап, тогуз жолдун тому, өлкөбүздүн ортосунда жайгашкан аймак экенин эске салат. 15-20-жылдын ичинде үлкөн шаарга айландырууга болоорун кошумчалаган.
“Кочкорго аба майданы менен кошо 5 Бишкек батат. Кара-Кече ЖЭБин курсак болот. Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана кооз жайлоолор жакын. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун үстүндө”,- деген.