Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын бетине сыя чачты

Автор

Грузияда “Биримдик -Улуттук кыймыл” партиясынын өкүлү Давид Киртадзе Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Георгий Каландаришвилинин бетине сыя чачып жиберди.
26-октябрда Грузиядагы шайлоодо 2012-жылдан бери бийликте турган “Грузин Кыялы” партиясы кайрадан жеңишке жетишип, бирок, оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Аталган партия грузиянын олигархтарынын бири Бидзина Иванишвилиге таандык. Оппозиция аларды орусияга ыктаган деп күнөөлөп келет.
Белгилүү болгондой, төраганын бетине сыя чачкан саясатчыга кылмыш иш козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар таң калышты

“Кыргызстан Италияга мунай экспорттойт депсиңер. Бул кандай мунай? Ошону тактайын”,- деди Улан Пиримов таң калып. “Биз мунайды өзүбүз импорттойбуз. Силер экспорттоп жатабыз десеңер таң калып жатпайбызбы”,- дешти депутаттар. Ал эми өкмөттүн өкүлү стат комитеттин отчетунда ушундай жазылып турганын айтып, “Италиядагы кесиптештерибизге кат жөнөткөнбүз. Учурда жообун күтүп жатабыз”,- деп маалымдады. Бөлүшүү:

You May Like