Борборго 350 жаңы заманбап техникалар алынат

Автор

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.
Алсак, «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын паркын 350 бирдиктен ашык заманбап атайын техникалар толуктайт.
Белгилей кетсек, каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз драма театры «Төлгө» спектакли менен сезонду жабат

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Төлгө» спектакли менен сезонду жабат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-июнда 97-театр сезонун Жалил Садыковдун калемине таандык Назым Мендебаиров сахналаштырган “Төлгө” спектакли менен жабат. Театр 98-театр сезонун ушул жылдын сентябрь айында салтанаттуу түрдө ачат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн