Боорду алмаштырууга жабдыктар даяр экендиги айтылды

Автор

“Кечээ парламентте саламаттык сактоо министри жакшы кабар айтыптыр. Учурда 3 оорукана боор алмаштырууга даяр экен. Бирок, төртүнчү оорукананы айтпай кетиптир”,- деди Улукбек Ормонов.
Депутат маалымдагандай, ОшМУнун алдынд ачылган оорукана бардык медициналык шаймандары жана дары, дармектери менен боор алмаштыруу операциясына даяр. Бирок, саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты жок, баштай албай турат. Бул боюнча атайын иш алып барууну сунуштады.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги боорду алмаштыруу операциялары үчүн 100 миллион сомдук жабдууларды сатып алган. Бул жабдыктар Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы, Улуттук хирургия борбору жана Ош шаардык ооруканасына орнотулган.
Июнь айында Кыргызстанда боорду бекер алмаштыруу операциялары башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Токаевге орус тилин өнүктүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда орус тилин өнүктүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал орус-казак сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттары үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты. «Казакстанда орус тили кеңири жана эркин колдонулуп жатканын жогору баалайбыз. Бул республиканын жетекчилиги тарабынан ар тараптан колдоого алынганын көрүп жатабыз. Казакстандын президентинин […]

Сизге жагышы мүмкүн