Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин тышкы соода жүргүзүү көлөмү 464 млн долларды түзгөн.
Экономика министрлигинин маалыматында “соода жүгүртүү 2022-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 3,6%га жогорулаган. Анын ичинен экспорт 117,7 млн долларды түзүп, 17,7%га, импорт 346,3 млн долларды түзүп, 3,1%га өскөн”, – делет.