Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор

Бүгүн, 31-октябрда Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирди.
Маалыматына ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Жол инспекторлору айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан Мажилисинин төрагасы Эрлан Кошанов иш сапары менен Бишкекке келди

Бүгүн, 31-октябрда Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапарын «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен баштады. Жогорку кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мажилис төрагасы 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди. Иш сапардын алкагында Эрлан Кошановдун Жогорку Кеңештин төрагасы […]

Сизге жагышы мүмкүн