Бонецкий лабораториясына (“Интелмед” ЖЧК) “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган делип, 423 миллион сом айып салынды. Мындай маалыматты Монополияга каршы кызматы маалымдады.
Ага себеп катары COVID-19 пандемиясында ПЧР-анализдин баасын көтөргөнү айтылат. Ал учурда Кыргызстанда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Аталган лаборатория ошол кездеги кыйын кырдаалдан пайдаланган делет.