Бомба тууралуу жалган маалымат берген өспүрүмдөр кармалды

Автор

Коомдук жайларда жардыргыч заттар коюлганы тууралуу жалган маалымат берип, анонимдүү телефон чалган адамдардын тобу аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-17 жаштагы уландар Ж.Д.А., М.М.У. Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу жарандар 30-ноябрда жана 18-декабрда Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептерге бомба коюлганын билдиришкен. Чалуулар чет элдик абонент аркылуу келип түшкөн.

Маалыматта аталган жарандар бул кылмышты бейбаштык мүнөздө, окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында жасашканы аныкталганы жазылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эң бай 500 адамдын байлыгы 1,5 триллион долларга өстү

Bloomberg дүйнөдөгү эң бай адамдар бул жылы байлыгын 1,5 триллион долларга көбөйтүүгө жетишкенин кабарлады. Жер жүзүндөгү эң бай 500 миллиардердин ичинен технологиялык компанияларга ээ болгондордун байлыгы эң көп өскөн. Туруктуу инфляцияга, жогорку пайыздык чендерге жана геосаясий баш аламандыкка карабастан, байлыгын жыл сайын 658 миллиард долларга же 48% көбөйтүшкөнүн билдирди. Bloomberg […]

Сизге жагышы мүмкүн