Бомбалоолордон улам ливандыктар Сирияга агыла баштады

Автор

Ливандын түштүгүндө жана чыгышында кыштактарга Израилдин бомбалоосунан улам ливандыктар Сирия чек арасына агылып жатат.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, дүйшөмбүдө Израил тарабынан Ливандын түштүгү жана чыгышындагы кыштактарга жасалган аба соккуларынын кесепетинен каза болгондордун саны 492ге жетти. Жарадарлардын саны 1 645ке көбөйдү. Аба соккуларынын курмандыктарынын арасында 35 бала жана 58 аял бар экендиги белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты. Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча курамасы 9 медаль утту

Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы 9 – 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Афганистан, […]

Сизге жагышы мүмкүн