“Ош шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетовдун программасында тротуарларды куруу боюнча иш планы болгон. Ал жарым жартылай ишке ашты. Шаар ичинде курулган тротуарларды өзүңөр көрүп жатасыңар, алар сапатсыз курулган. Бул деген мамлекеттин жана элдин акчасын сапатсыз жакка коротту десек болот. Бул боюнча сөзсүз түрдө жоопкерчилиги каралышы керек”,- деп билдирди Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Болотбек Баетов.