Бокс рейтинги: Бетербиев менен Бивол жогорулады

Автор

«The Ring» журналынын редакциясы Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда өткөн жарым оор салмакта (79,4 кг чейин) абсолюттук чемпион наамы үчүн болгон беттештен кийин салмак категорияларына карабастан дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин рейтингине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Беттеш 12-октябрда Сауд Арабияда өтүп, калыстардын көпчүлүк добушу менен Бетербиев упай менен жеңишке жеткен.
Бул ийгилик Артурга Сауль Канело Альварес менен Жесси Родригестен озуп, 6-орундан 4-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди. Кызыгы, Бивол да ушундай эле жол менен позициясын жакшыртып, 7-орундан 5-орунга жылды.
The Ring жаңыртылган P4P рейтинги төмөнкүдөй көрүнөт:
Александр Усык (22-0, 14 КО)
Наоя Иноуэ (28-0, 25 КО)
Теренс Кроуфорд (41-0, 31 КО)
Артур Бетербиев (21-0, 20 КО)
Дмитрий Бивол (23-1, 12 КО)
Сауль Альварес (62-2-2, 39 КО)
Джесси Родригес (20-0, 13 КО)
Гервонта Дэвис (30-0, 28 КО)
Жунто Накатани (29-0, 22 КО)
Девин Хэни (31-0, 15 КО)

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бул күн боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жардамга муктаждарга арнаган адамдардын майрамы. Күн сайын башка […]

Сизге жагышы мүмкүн