Бокс боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте бокс боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик 20-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү.
Мушкерлер төмөнкү салмакта күч сынашат:
балдар арасында: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
кыздар арасында: 51, 54, 57, 60, 63, 66 кг.
Белгилей кетсек, аталган чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Ак калпак күнү

5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү 2011-жылы белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң […]

Сизге жагышы мүмкүн