Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Автор

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту
Кыргыстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашы италиялык Мишел Балдассини судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип алды.
Ал эми 1/8 финалга чыгуу үчүн беттеште мозамбиктик мушкер Армандо Сигауканы утту. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон мелдеште уругвайлык Лукас Гарсияны артта калтырды. Чейрек финалда Азербайжандын өкүлү Шамил Аскеровду утту.
Кыргыз мушкери жарым финалда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калды. Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Лицезиялык мелдеш Бангкок шаарында 23-майдан 2-июнга чейин болуп өттү. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат. Жумуш сапарынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Отурумда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы […]

Сизге жагышы мүмкүн