Боксчулар эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Автор

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ла-Нусия шаарында (Испания) өткөн “Boxam” Эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.
60 кг чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болсо, 86 кг чейинки салмак категориясында Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль тагынды. Ал эми 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, 30-январь күнү башталган “Boxam” Эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кыскарды

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-жумасында (29.01-02.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7266 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Октябрдан тарта 1 миң 597 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон […]

Сизге жагышы мүмкүн