Бойдон алдыруу маселеси: Дарыгерлер дипломдорунан ажырашы мүмкүн

Автор

Түркмөнстанда Саламаттык сактоо министрлиги менен укук коргоо органдары дарыгерлерди бойдон алдыруу үчүн дипломдорунан ажырай тургандыгы тууралуу эскертишкен. Бул тууралуу Азаттык радиосунун Түркмөн кызматы жазып чыкты. Ашхабаддагы медициналык мекеменин кызматкери врачтар бойдон алдыруу маселеси менен кайрылган аялдарды кабыл албай, дароо кууп чыгышарын билдирди. Бойдон алдыруу түйүлдүк өспөй калганда же жүрөгү токтоп калганда гана жасалат.
Түркмөнстандын мыйзамдары боюнан алдырууга кош бойлуулуктун алгачкы беш аптасында уруксат берет, бирок гинекологдор андай бейтаптарды да кабыл албай жатышат. Дарыгерлер бул көрүнүштү өспүрүм кыздардын боюнда болуу көбөйгөнү менен байланыштырууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ден соолук үчүн канча саат уйку керек? Адистин кеңеши

Толук кандуу уйку-бул сергек жашоонун негизги компоненти болуп саналат. Уйкусуздук чарчоо, жүрөк оорулары жана ал тургай депрессияга алып келиши мүмкүн. Орус кардиологу Анна Кореневич ден соолук үчүн канча уйку керектигин айтып берди Уйку биздин физикалык жана психологиялык ден соолугубузда маанилүү ролду ойнойт: — Уйкунун жетишсиздиги жалпы жыргалчылыгыбызга терс таасирин тийгизип, […]

Сизге жагышы мүмкүн