Боинг учагы күтүүсүз бийиктигин жоготту

Автор

Түштүк Америкадагы Latam Airlines авиакомпаниясынын Боинг 787 учагында болгон окуяда 50 киши жаракат алды. Австралиянын Сидней шаарынан Жаңы Зеландиянын Окленд шаарына учкан учак учуу учурунда бийиктигин кескин жогото баштаган. Бир убакта учак 100 метрдей төмөндөгөн.
Коопсуздук курун тагынбаган жүргүнчүлөр шыпка чейин ыргып, андан соң орундуктарга катуу түшкөн. Алардын 12си ооруканага жаткырылды, бирөөнүн абалы оор.
Авиакомпания окуяны техникалык мүчүлүштүктөр менен байланыштырды. Учурда тергөө иштери башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Сүттүн организмге пайдалары

Сүт көптөгөн пайдалуу заттардын булагы жана ден соолукка бир катар пайдалуу жактары бар: 1. Белок: сүттө организмдеги ткандардын өсүшү жана оңдолушу үчүн керектүү белок бар. 2. Кальций: сүттүн негизги компоненттеринин бири-сөөктүн жана тиштин ден соолугу үчүн зарыл болгон кальций. 3. Витаминдер жана минералдар: сүт көрүү, иммунитет жана нерв системасынын функциялары […]

Сизге жагышы мүмкүн