Россиянын Юстиция министрлиги блогер жана журналист Илья Варламовду жана дагы бир нече адамды чет элдик агенттердин реестрине киргизди.
“И.А.Варламов мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдер жана алардын жүргүзгөн саясаты тууралуу жалган маалымат таратып, чет элдик булактардан колдоо тапкан”,-деп айтылат билдирүүдө.
ВКонтакте тармагындагы расмий баракчадагы маалыматка ылайык, Илья Варламов коомдук ишмер, фотограф жана автордук медианын ээси. Анын “Varlamov” YouTube каналына жазылгандардын саны 4,1 миллион. Блогер видеолорунда адамдар Россияда жана дүйнөдө кандай жашап жатканын айтып берет. 462 миңге жакын жазылуучусу бар “Varlamov Talks” аталышындагы экинчи YouTube каналында кызыктуу инсандардан маектерди алат.
Садыр Жапаров Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады
Жум Мар 24 , 2023